Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кичи автобустан акча уурдай качкан шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Бул факты Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 1983-жылы туулган тургуну М.С. кармалган. Шектүүнүн жанынан 37 грамм баңгизатына окшош зат табылган.
Кармалган адам тергөөнүн жүрүшүндө жасаган ишин толугу менен мойнуна алган. Ал 7-март күнү Өзгөндөн Жалал-Абад шаарына келип, ооруканада жаткан таанышынан кабар алуу үчүн саат 16:00 чамасында автобуска түшкөн. Ал жерден жүргүнчү аялдын баштыгынан капчыгын эч кимге байкатпай алып, ошол замат автобустан түшүп калган. Капчыктын ичинде 7 миң сомго жакын акча болгондугун, акчасын алып, капчыкты таштанды урнасына ыргытып салгандыгын билдирген.
Учурда тергөө иштери уланууда.