Бишкекте "5 жашар кызды зордуктоого аракет кылды" деп шектелган адам колго түштү

Бишкекте "5 жашар кызды зордуктоого аракет кылды" деп шектелип 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Ленин РИИБине наристе кызды белгисиз адам зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу арыз түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жетип келишип, кылмышка шектүү А.Б. аттуу Ош облусунун тургунун кармашты. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tynara81
2013-10-11 14:05:09
Кантип токтотсо болот экен, педофилдерди. Чирип кеткир десе.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан