Өлкө аймагында окуучулардын каникулу 22-мартта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине байланышканыбызда белгилүү болду.
"Окуучулардын жазгы каникулу Нооруз майрамынан кийин, атап айтканда, 22-мартта башталып 1-апрелге чейин уланмакчы. Жазгы каникулда окуучулар он күн эс алышат", - деп билдиришти мекемеден.