Нарын облусунда тыюу салынган уюмдун мүчөлөрү өз ыктыяры менен андан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМК диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарды аныктоо, бөгөт коюу иштеринин алкагында Жумгал районунда диний кырдаал боюнча жалпы түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлгөн.
"Диний экстремизмге каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз өлкөсүнүн аймагында тыюу салынган “Якын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын ишмердүүлүгүнө айрым жашоочуларды тартуу иштери аныкталды.
Облустук казыяттын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, Кыргыз жарандары К.Ш., Э.А. жана Б.Б. аттуу тургундар өз жаңылыштыгын эл алдында моюнга алып, динге ишенгендерди жана экстремисттик көз-карашты колдогон башка мүчөлөрдү исламдын негизинде гана аткарууга чакырды жана бул экстремисттик кыймылдын иш-аракеттеринен мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышты", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин дагы бир Нарын шаарынын тургуну "Хизбут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун идеологиясын колдоп жүргөнүн, ал уюм мыйзамсыз экендигин түшүнүп, өз ыктыяры менен анын идеологиясын колдоодон баш тартканы кабарланган.