Бишкекте мейманканалардын биринен алюминийлерди мыйзамсыз чыгарып бара жаткан жаран кармалды

Бишкек шаарында уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-мартта милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан саат 11:20 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасынан чыккан “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүү учурунда 1968-жылы туулган айдоочу мейманкананын короосунан сатып өткөрүү максатында алюминийлерди мыйзамсыз чыгарып бара жаткандыгы аныкталган. Бул факты боюнча айдоочуну Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Apyn8793
2021-03-12 00:24:13
Ит эле болгон экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан