Ош шаарындагы №1 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кечээ, 10-мартта Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене "пара талап кылуу" фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Ош шаарынын №1 ШМБ башчысы милициянын подполковниги кармалган.
"Такталган боюнча, №1 шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси базар ишкерлеринен 6 миңден 7 миң сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.
Кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда мурда пара катары берилген акча каражаттар табылып алынды. Кармалган адам Ош шаардык жана Ош облустук УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.