Баткен облусунун Сүлүктү аймагында мектеп окуучуларына туура эмес диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, милиция кызматкерлери билим берүү мекемелеринде өспүрүмдөр менен жолугуп, аларга диний уюмдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, туура эмес диний агымдардын кесепетинен зордук-зомбулуктар келип чыгып жатканын түшүндүрүштү.
Жыйында өлкөгө терс таасирин тийгизип жаткан экстремисттик уюмдар боюнча маалыматтар жеткирилгенин кошумчалашты.