Кыргыз өлкөсүндө сүрөт жана видео боюнча "Илимди тарт" аталышындагы сынак башталды. Бул тууралуу Орусиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган сынакка бардык каалоочулар катыша алышат. Сүрөттөр 1-марттан 30-апрелге чейин кабыл алынат. Ал эми видеолорду болсо, 11-майдан тарта 19-сентябрга чейин тапшырса болот.
Аталган сынактын жеңүүчүлөрү атайын комиссиянын негизинде тандалып, бир катар наамдар берилет.