Евровидение сынагынын уюштуруучулары Беларусь өлкөсүнүн сынакка катышкан ырын алмаштырууну талап кылышты

Эл аралык Евровидение ыр сынагынын уюштуруучулары Беларусь мамлекетине 2021-жылы аткара турган ырын алмаштырууну талап кылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Уюштуруучулардын айтымында, аталган өлкөнүн "Галасы ЗМеста" тобунун аткара турган композициясы "сынактын саясий эмес мүнөзүнө келтирүү" деген жүйө менен ырды Eurovision YouTube каналынан өчүрүшкөн.
"Биз Беларусь өлкөсүнүн Евровидение сынагына катышуусуна жооптуу болгон БТРК телеканалына ыр азыркы абалда сынакка катыша албай тургандыгын маалымдадык", - деп айтылат Европа телерадиоберүү бирлигинин билдирүүсүндө.
Ал эми аталган топтун лидери Дмитрий Бутаков бул талаптардан кийин ал иш-чарага катышуудан баш тарта турганын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан