АКШдан сырткары башка өлкөдө жашаган YouTube видеоблогерлерине "Google" компаниясы салык киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын июнь айынан тарта жарнамалардан акча тапкан, башка өлкөдө жашаган авторлорго АКШнын системине ылайык салык киргизиле тургандыгы каралууда.
"АКШдан башка өлкөлөрдө жашаган, жарнамадан киреше тапкан блогерлер 2021-жылдын 31-майына чейин "AdSense" программалык камсыздандыруу кызматына жеке салык маалыматтарын жибериши керек. Анын жардамы менен авторго салык салынабы, анын суммасы кандай болот, жалпы өзүнө керектүү маалыматтарды аныктап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми блогер салык маалыматын өз убагында жиберген болсо, анда "Google" АКШ жарандарынан гана турган көрүүчүлөрдөн эсептеп, жалпы түшкөн каражаттын 10дон 30 пайызга чейинки суммасын эле ала турганын кошумчалаган.