Жансыз денесин карга-кузгун жеп койгон делген маркумдун кызы: "Апамдын өлүмү боюнча суроолорго жооп ала албай жүрөбүз"

Буга чейин Жалал-Абад облусунда Бахтигул Базарматова аттуу аял дайынсыз болуп изделип жатып, туура 11 күндөн кийин киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Анда шектүүлөр маркум аялга жолугуп, унаасы менен Жалал-Абад шаарынын четиндеги ээн талаага алып барып, андан акча сурашкан. Маркум акча жок экендигин айткандан кийин шектүү өзүнүн унаасында турган сүлгү менен аны муунтуп өлтүрүп, көтөрүп жүргөн сумкасындагы 32 миң сом акчасын жана тагынып жүргөн алтын буюмдарын алып, телефонун ыргытып жиберишкен.

Ал эми маркумдун жансыз денесин Жалал-Абад шаарынан 60-чакырым алыстыкта жайгашкан Сузак районунун Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыга көмүп коюшкан. Бирок ушул аралыкка чейин жансыз дене толук көмүлбөй, ачык калган бөлүктөрүн карга-кузгун жеп койгондугу белгилүү болгон.

SUPER.KG порталы Жалал-Абад шаарына барып, маркум Бахтигул Базарматованын кызы Роза Базарматованын жана жакындарынын пикирин угуп келди.

Кызы көз жаш төгүп, апасынын өлүмүнө байланыштуу суроолорго бүгүнкү күнгө чейин жооп ала албай жатканын айтты.

"Апам экөөбүз акыркы жолу 25-ноябрь күнү базардан жолукканбыз. Ал үйгө кетти деген ой менен телефон аркылуу деле сүйлөшкөн эмеспиз. Эртеси чалсам телефону өчүк, үйдөгүлөрдөн сурасам, кечээ келген жок дешти. Мен ойлогом, балким, эжелерибиздикине кетти деп. Апам базарда товар, кийим-кече таратып иштечү. Ошентип базардагылардан сураштырып баштадым, баары эле көргөн жокпуз дешти. Ошол күнү кечинде вотсап мессенжери өчүрүлгөнүн байкадым. Анан РИИБге барып арыз жаздык. Тааныштардын бардыгына чалдык, издедик жок. Балким, товар алып келем деп Өзбекстанга кеттиби деп, чек ара жана башка тийиштүү адамдардан сурадык, жок.

Ошентип изделип жаткан 11-күнү түнкү саат 3-4төр чамасында таякелерибиз чалып, өлүкканага алып келгендерин айтышты. Барганда айнек жаап тургандыгы үчүн бут жагын көрүп, кийимдеринен апам экенин тааныдык. Жанында жип анан баштык, чачтары жаткан. Бизди жүзүн көрсөтпөй кетирип жиберишти. Эртеси сөөк коюларда денесинин үстү жагы жок экендигин айтышты. Ушул күнгө чейин апамды эмне себептен улам өлтүрүп кетишкенинин жообу жок, акчабы же башка себептер барбы билбейбиз", - дейт маркумдун кызы.

Ал эми Базарматованын бир тууган иниси Артык Базарматов милиция кызматкерлери жакшы иш алып барбаганын айтып, тергөө иштери татыктуу жүрбөй жатканына нааразы.

"Урматтуу Садыр Жапаров, булар иштеген жок. Тергөө жүрдү бирок изилдеген деле жок. Тиешеси бар адамдарды акчасын алып туруп коё берип жиберишти. Ишти жабуунун аракетин кылып, процессти чоюп жатышат. Кааласа келишет, каалабаса келбей коюшат. Экспертизаны ушул жактан эптеп эле чыгарып коюшту. Денесин ит-куш жеди дегенге ишенбей турабыз, кимдир-бирөө кылдыбы деген ар кандай туман ойлор келип жатат", - дейт ал.

Видеону толугу менен биздин порталдан көрүңүз.

Роза: "Үч иним менен жалгыз калдым, апамдын өлүмү боюнча эч кимге жаза бериле элек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан