Бишкек шаарында аял кишини тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-февралда борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда Көк-Жар кичи районунда унаасында отурган маалда белгисиз адамдар эшикти ачып, арыз ээсинин баасы 30 миң сомдук телефонун күч менен тартып алганын жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "каракчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 1990-жылы туулган, 1995-жылы туулган жана 1996-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүүлөрдүн мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу такталып жатканын кошумчалашты.