Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсү Орусиядан кумшекерди, өсүмдүк майын өндүрүүчүлөрдүн баасында түз жеткирүүнү өтүндү

Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү соода өкүлү Валерий Латыпов менен жолугушту. Анда эки тараптуу актуалдуу маселелер, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында келечектүү инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде темир жолдорду, альтернативдик тоннелди, калыбына келүүчү жана альтернативдүү энергия булактарын курууну камтыган долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Данияр Иманалиев коомдук маанилүү товарлар, анын ичинде кумшекер, өсүмдүк майы, дан менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдап, азыктарды өндүрүүчүлөрдүн баалары менен түз жеткирүүнү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Мындан тышкары Данияр Иманалиев мунай заттардын пландаштырылган көлөмүн Кыргыз Республикасына өз убагында жеткирүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн келтирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана 2021-2022-жылдарга инвестициялык долбоорлордун тизмесин конкреттештирүү боюнча иш-чаралар планына өзгөчө көңүл бурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zam81
2021-03-12 09:39:37
Иштеш керек продукты кун санап осуп жатат
0
munar1980
2021-03-12 10:01:45
Өтүнүп койуп олтура бергенде эмне сүйлөшүп бир калыпка салыш керек да атка өтүнүп анан алар ойлонгула 1 жыл өтөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан