2021-жылы медицина кызматкерлерине компенсация катары 470 миллион сом каралды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, февраль айында саламаттыкты сактоо тармагында 66 уюмга 48 миң 167 сом 2 тыйын төлөндү.
"Ал эми 2020-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан (декабрь, январь жана февраль айлары үчүн) саламаттыкты сактоо тармагына 312 миң 327 сом 1 тыйын төлөндү. Февраль айында коронавирус менен күрөшүүгө 3 миң 262 медицина кызматкерлери тартылган", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, компенсация 2020-жылы 3-апрелдеги өкмөттүн токтомуна ылайык төлөнүп жатат.