Ысык-Көлдө өз айылдаштарынын малын уурдап бара жаткандар жолдо бара жаткан жеринен колго түштү

«Мал ууру» иш-чарасынын жүрүшүндө Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери тарабынан мал уурулук менен алектенген кылмыш тобунун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Өткөн жылдын декабрь айынан баштап үстүбүздөгү жылдын март айына чейин Жети-Өгүз районунун Саруу айылында мал уурулук көбөйгөн.

«Мал ууру» иш-чарасынын жүрүшүндө Субару-Форестер унаасы менен мал ташып бара жаткан эки адам токтотулат. Текшерүү учурунда алардан тийиштүү уруксат кагаздары жок болуп чыккан. Териштирүү иштеринин натыйжасында ташып бара жаткан эки баш койду уурдап бара жатканы аныкталган.

Уурулукка шектелгендер ошол эле айылдын тургундары 23 жаштагы М.А. жана 21 жаштагы К.М. аттуу жарандар кармалып, күнөөлөрүн моюнга алышкан. Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө алар 21 баш койду уурдашканы аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Милициянын тергөө кызматы тарабынан кылмышка шектүү катары кармалгандардын башка ушул өӊдүү кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meku9205
2021-03-12 19:54:36
Жапжаш балдар өмүрүнөрду уурулукка арнадынарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан