
Өзгөндө жол кырсыгынан 8 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн районунда 11-март күнү саат 19:48 чамасында Шоро-Башат айылында Дэу-Тико үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Кырсыктын кесепетинен 8 адам (4 эркек: 1992-жылы туулган, 1992-жылы туулган, 1984-жылы туулган, 1975-жылы туулган, 2 аял 1961-жылы туулган, 2004-жылы туулган, 2 жаш бала: 2013-жылы туулган, 2018-жылы туулган) ар кандай жаракаттарды алышып, Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылды.
Куткаруучулар кыпчылып калган жаранды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти.