Биз социалдык тармакта

Кара-Суудагы 2 аялдын өмүрүн алган массалык уулануу: Бүгүнкү күндө бир адамдын абалы өтө оор

Ош облусунун Кара-Суу районунда массалык уулануу болуп, анын кесепетинен 2 аял каза болуп, дагы 11 адам ооруканада дарыланууда. Бүгүн, 12-мартка карата бейтаптардын абалы тууралуу маалымат алуу үчүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине байланыштык.

"Буга чейин маалым болгондой, 1 бейтап Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Абалы өтө оор. Ал эми калган 10 бейтап Кара-Суу аймактык ооруканасында жатат. Абалдары туруктуу оор", - дешти министрликтин басма сөз кызматынан.

Мындан тышкары юбилейге барган 15 киши жашаган аймагы боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эске салсак, 6-мартта жергиликтүү тургун 60 жылдык юбилейин белгилеп, кечеден кийин коноктордо уулануунун белгилери байкалган. Алар алгач өз алдынча дарыланып, 9-мартта абалдары оорлошкондо гана ооруканага кайрылышкан. Уулануунун кесепетинен 50 жана 58 жаштагы аялдар каза болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан