Садыр Жапаров Өзбекстан менен парламенттер аралык өз ара байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди

Бүгүн, 12-мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Күн тартибинде турган актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын эли эзелтен бери ийиндеш жашап, өнүгүп-өсүп келгенин, эки элдин ынак коңшулук жана өз ара сый мамилелери бүгүнкү күндө дагы ар тараптуу кызматташуунун бекем пайдубалы катары кызмат кылып жатканын белгиледи.

Ал Өзбекстан менен парламенттер аралык өз ара байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Пандемияга байланыштуу жылдырылган иш-чаралар, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиясынын үчүнчү жыйыны жакынкы мезгилде боло тургандыгына үмүт артты.

Ошондой эле Садыр Жапаров эки өлкөнүн соода-экономика жаатындагы зор потенциалы толук ачылбай жатканына токтолуп, андан улам кыргыз тараптын эки мамлекеттин рынокторунда товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүү болушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын баса белгиледи.

Президент бул процесске мыйзам алкагында жагымдуу шарттарды түзүүгө Өзбекстан парламенти өз салымын кошоруна ишенерин билдирди.

Өзбекстан Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов Кыргыз өлкөсүнүн президенти менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап жатканына кубанычта экенин билдирди.

Ал Садыр Жапаровду өз өлкөсүнүн чыныгы атуулу жана күчтүү саясий эрки бар адам катары тааный тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан