Биз социалдык тармакта

Бишкектеги СИЗО-1де оозун тиккен камактагы жарандар боюнча ЖАМК жооп берди

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы СИЗО-1деги камактагы жарандар Марс Жусупбековдун кызматка келгени үчүн оозун тигип салышты деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти.

"ЖАМКнын №1 тергөө изоляторунда кармалып отурган соттолуучу Б.И. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту тарабынан 300 миң сом айып төлөө менен 5 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2021-жылдын 11-мартында соттун чечимине каршы экенин айтып ачкачылык жарыялаганын билдирип, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз жазган. Жогорудагы факты боюнча СИЗО-1дин кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Буга чейин Бишкектеги СИЗО-1деги жарандар оозун тигип, алар жетекчи болуп келген Марс Жусупбековдун кызматка келишине нааразы экени маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан