"Бишкекасфальтсервис" ишканасы бир ай аралыгында шаардын ички жолдорундагы 80 кудуктун темир капкагын ордуна коюп чыкты. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк кудуктун темир капкактарын кайрадан ордуна коюп чыгууга туура келген.
"Урматтуу шаардыктар, суранабыз темир капкактарды уурдабаңыздар! Бул абдан коркунучтуу. Эгер капкактардын уурдалып бара жатканын көрсөңүздөр 102 номуруна кайрылыңыздар. Ал эми ачык кудуктар боюнча WhatsApp 0558 888 358 номерине жазыңыздар", - деп жазылат маалыматта.