Улукбек Марипов жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат

Премьер-министр Улукбек Марипов жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы бир катар социалдык объектилерге капсула салуу салтанаттарына катышып, айыл чарба объектилеринин иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районунун дыйкандары менен жолугушмакчы.

Мындан тышкары ал Жалал-Абад жана Ош облустарындагы бир нече социалдык, инфраструктуралык объектилердин абалы жана айрым өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mustafo
2021-03-12 16:14:58
Урматту Улукбек Асамидинович Араван районунун Керме Тоо айыл өкмөтүнө келип курттаган суудан чай ичип кетчи сураныч. Мен гой сойуп берем.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан