Бишкекте унаанын дөңгөлөктөрүн уурдап кеткенге шектелген жаран кармалды

Бишкекте унаанын дөңгөлөктөрүн уурдап кеткенге шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-март күнү болжол менен саат 13:40 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Көк-Жар конушунан унаанын дөңгөлөктөрүн уурдап жатышат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган кайгуул кызматы аталган жерге барганда 1989-жылы туулган Ш.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда болжол менен саат 13:30 чамасында жашы 30-35 курактагы белгисиз жаран унаанын дөңгөлөгүн жашыруун уурдап кеткенин айткан. Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1988-жылы туулган В.Е. аттуу жаранды кармашып Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан