Чычкан капчыгайында күйүүчү майларды мыйзамсыз ташыган жүк ташуучу унаа аныкталды. Маалыматты бүгүн, 11-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында күйүүчү-майлоочу каражаттарды мыйзамсыз ташыган жүк ташуучу унаа кармалды.
Документтерге ылайык, күйүүчү майлар Чүй облусундагы жеке ишкерге таандык болгон. Бирок көрсөтүлгөн күйүүчү май ташуучу унаа өлкөнүн түштүк аймактарын көздөй бара жатып, тагыраагы, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Чычкан капчыгайынан (234-км) кармалган. Кармалган жүктүн жалпы көлөмү 30 тоннадан ашат.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.