Опера жана балет театрындагы чыр: "Мындай көйгөйлөрдү өзүбүз эле чечип алсак болмок" дейт театрдын кызматкери

6-мартта орун алган окуя боюнча Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматкерлери бүгүн, 12-мартта маалымат жыйын беришти.

Анда мамлекет тарабынан театр үчүн көзгө көрүнөрлүк көмөк берилип жатканын айтышты.

"Чыгармачыл адамдар көрүүчүлөр үчүн кызмат кылабыз. Буга чейин эки ай мурун эле спектакль репертуарга кирет да. Ошондой эле көркөм жетекчиге, көркөм кеңешке кат түрүндө кайрылып, маселени маданияттуу эле чечип алса болмок да. Баш аягы 30 жылдан бери иштеп келе жатам. Буга чейин мындай абал болгон эмес.

Көрүүчүлөр билеттин кымбаттыгына карабай келип, жарым-жартылай спектакль көрүп кеткен дагы жакшы эмес. Көрүүчүнү биздин ич ара маселелер кызыктырбайт. Ушундай кичинекей көйгөйлөрдү өзүбүз эле чечип алсак болмок. Бул көйгөй иш жүзүндө отуруп алып эле чече турган маселе болчу.

Балетте кадрлар жетишпейт. Себеби көпчүлүгү айлык акынын аздыгынан кетип калышууда. Айлык акынын аздыгы жашыруун эмес.

Балет тобуна мамлекет тарабынан көмөктөр берилип жатат. Биринчиден, репетиция кыла турган эки балет залыбыз бар. Залга линолеум төшөп беришти. Былтыр 4-5 айдын ичинде жер төлөдөн баштап чатырына чейин оңдоп-түзөөдөн өткөрүп беришти. Ал эми балет боюнча айта турган болсок, президенттин стипендиясын дал ушул балетке деп бөлүп берген. Былтыр эле январь айында сыйлык акы деп балеттин ар бир кызматкерине 60 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилген. Аны алгандан кийин топтун жарымы ар кандай турмуштук шартка байланыштуу жумуштан чыгып кетишти.

Балетте жаш, мыкты кадрларыбыз бар. Дагы бир жолу айта кетейин, мындай көйгөйлөрдү өзүбүз эле чечип алсак болмок.

6-марттагы окуя боюнча көрүүчүлөрдөн кечирим сурайм", - деди башкы хормейстер, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев.

Эске салсак, аталган театрда 6-мартта Орусиядан келген балет жылдыздары Екатерина Первушина жана Сергей Мануйловдун катышуусунда "Ак куулар көлү" спектакли коюлмак. Бирок жергиликтүү опера жана балет театрынын балетчилери аталган спектаклге катышуудан баш тарткан.

9-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматкерлери маалымат жыйын беришкен. Анда балетчилер Коммерциялык спектаклге катышпай коюубуздун себеби биринчиден бул үчүн акы төлөнбөгөнүн билдиришкен.

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган театрдагы болгон жагдай боюнча атайын комиссия түзгөнү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан