Жарандар кантип жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катыша алышат?

Жергиликтүү бюджеттер Кыргыз Республикасынын бирдиктүү бюджеттик системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат. Акыркы жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун реформасында Кыргыз Республикасынын Улуттук туруктуу өнүктүрүү стратегиясына ылайык белгилүү позитивдүү динамикага жетишилди. Бирок бул жетиштүү эмес. Бюджеттер аралык процесстердин мамилелердин реформасы өтө жай ишке ашырылууда. Жоопкерчилик жалгыз гана мамлекетте эмес, ар бир жаранда да жатат. Анткени жарандар негизинде өнүгүү артыкчылыктары аныкталып, жергиликтүү бюджет түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын талкуулоого катыша алышат.

Келгиле, жергиликтүү бюджетти түзүүдө ар бир жаран эмне кыла алат карап көрөбүз.

Жергиликтүү бюджеттердин түзүлүүсү.

Жергиликтүү бюджеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) тарабынан түзүлөт жана багытталат. Алар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, анын ичинде аймактарды экономикалык өнүктүрүүгө жана ыйгарым укуктарды ишке ашырууга арналган. Каржылоонун эки булагы бар: ЖӨБ өздүк кирешелери (салыктык, салыктык эмес, активдер жана милдеттенмелер) жана бюджеттер аралык (республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджет арасында финансылык бөлүштүрүүлөрдүн жөндөлүшү). Аймактарды өнүктүрүү фонддору да бар (бирок аймактардын масштабын эске алсак, бардык эле ЖӨБ үчүн жеткиликтүү эмес). Алар аймактарда өнүгүүнү каржылоо жана инфратүзүмдөргө кам көрүү үчүн арналган.

Жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары.

Бюджеттин чыгымдары тууралуу да жарандар расмий сайттардан маалымат алса болот. Ал жерде ЖӨБ органдары бардык маалыматты жайгаштырууга милдеттүү. Ошондой эле жергиликтүү органдарынын аткарылган иштер жөнүндө жылдык баяндамаларында да маалымат берилет. Кыргызстанда жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарынын түзүмү бүгүнкү күнгө чейин натыйжалуу калыптанган эмес. Олуттуу дал келишпестиктер байкалууда, башкача айтканда, бардык айыл аймактарында эле функциялардын бардык зарыл болгон комплекси каржыланбайт.

Көптөгөн жерлерде кээ бир нерселер боюнча сарптоолор өтө эле аз. Чыгымдарды эсептөөнүн объективдүү жана ачык ыкмалары жок, ошондой эле жергиликтүү жана мамлекеттик бюджеттерди теңдөө саясатын пландоодо тутумдук мамиле да жок. Тармактык саясаттын чала иштелип чыгышына көбүнчө жергиликтүү бюджеттерге капиталдык салымга (инфратүзүм – имараттар, жолдор, суу менен камсыздоого) каражаттардын жоктугу кирет – калдык принциби боюнча түзүлөт.

Чечимдер жана жарандардын катышуусунун мааниси

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (бюджеттик чөйрөдө) жана бюджеттер аралык мамилелердин реформасы жарандык коомдун жана албетте КРнын Жогорку Кеңешинин колдоосу жок мүмкүн эмес. Жарандар төмөнкүлөр аркылуу реформаларга катыша алышат:

  • Эки тараптын кызыкчылыктарын макулдашуу процессин киргизүү менен республикалык деңгээлде ЖӨБ жана мамлекеттик башкаруу органдары (мисалы, КРнын Каржы министрлиги) арасында тутумдук бюджеттик диалог .
  • ЖӨБ органдарын киреше потенциалын жана киреше деңгээлдерин жогорулатууга, чыгымдарды оптималдаштырууга өбөлгөлөгөн чараларды иштеп чыгууга тартуу жана ал чараларды киргизүү.
  • Иштин натыйжаларын мониторинг кылуунун жеткиликтүүлүгүн жана комплекстик бирдиктүү бюджеттик пландоонун натыйжалуулугун, ачыктыгын жогорулаткан маалыматташтыруу натыйжаларын алуу (чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтар базасын түзүү жана санарип системаларын киргизүү).

Башкача айтканда, жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу аркылуу, натыйжасында социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу стадиясында жарандык коомду жигердендирүү, жарандык коом тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчёттуулугунун көзөмөлдөнүшүнүн жигерденүүсү, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ачык отурумдарга түздөн-түз катышуусун камсыздоо менен бюджеттик процесс менен абалды өзгөртүү мүмкүн.

Бюджеттер аралык мамилелердин реформасынын ийгилигинин негизги чен белгиси болуп, албетте, өлкө жетекчилигинин колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан реформаны ишке ашырууну тутумдук көзөмөлдөнүшү саналат. Ал эми мамлекеттин жана жарандык коомдук бирдиктүү аракеттери – реформалардын натыйжалуу жыйынтыктарына жетүү жолу.

Материал Кыргыз Республикасында БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан ишке ашырылган, Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Жарандардын жигердүү катышуусу менен күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун колдоосу менен түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан