Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабында “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусуна даярдыктар башталды. Бул тууралуу Генштабдын маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган маневрлардын темасы республиканын өзүнчө аймактарында өзгөчө абал жана аскердик абал киргизилген шарттарда аскердик органдардын, мамлекеттик башкармалыктардын, өзүн-өзү башкаруу органдарынын иштери, аскердик түзүмдөрдүн практикалык мобилизациялоосу жана курчуган кырдаалдагы шарттарда күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу болуп саналат.
Машыгууга куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, өкмөттүн аппаратынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Саламаттыкты сактоо министрлиги катышат.
Машыгууга 2 миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автоунаалар, брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык системдер, 10го жакын авиациялык техникалар тартылат.
“Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” машыгуулары 2021-жылдын 30-мартынан 1-апрелине чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында өтөт.