Сыймык Бейшекеев: "Күзгү нөшөр" ырын Элмирбек угуп ыйлады. Ага жакса, демек элге да жагат дедим"

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеевдин "Күзгү нөшөр" ырын билбеген адамдар аз болсо керек. SUPER.KG порталына автор ырдын жаралуу тарыхы тууралуу айтып берди.

"Күзгү нөшөр" кышында жазылды. Чыгарма ушунча бир эргүү менен жазылгандыктан, качандыр бир убактагы элдик кайрык, ырларга окшошуп туруп алды. Ал кезде телефон жок, жубайыма ырдап берсем, ал жакшы экен деди. Элмирбекке жакса элге жагат деп жатакананы көздөй жөнөдүк. Элмирбекке барып ырдап берсем "укмуш жазыпсың" деп ыйлады. Анан тез арада жазалы деп калды. Ваникин деген үн режиссёр бар эле кыргыз радиосунда. Ошого барып сүйлөшсөк, "түшкү тамактануу учурунда келгиле, андан башка убактым жок" деди. Ал кишиге ыр жаздыруу чет өлкөдөн жаздырып келгендей эле да. Анан бир дем менен 3 ыр жаздырдык.

Ал учурда кандай ырдасаң, ошондой жазылчу. Эртеси күнү радиого алып бардым. Бекболот Абдраев деген музыкалык редактор бар эле, мени көрө калып эле "эй бала эмне турасың?" деди, "ыр алып келдим эле" дедим. "Эмне балээ деген ырларды алып келдиңер элди жинди кылган, алып келчи бери" деп калды. Кудай жалгап биринчи эле "Күзгү нөшөр" жазылыптыр. Биринчи куплетти угуп көзүнөн жаш чыкты, ыр аяктап калганда, мени кучактап алып "ушуну сен чыгардыңбы, сен ырдадыңбы?" деп өпкүлөп жатат. Анан чуркап барып ырды угузганы бирөөлөрдү чакырып келди. Мага аябай шык берди бул нерсе", - дейт Бейшекеев.

Сыймык Бейшекеев: “Күзгү нөшөрдү угуп, Элмирбек ыйлаган”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Zumrudianka
2021-03-12 18:55:50
Мен кичинемде жатка билчуумун. Ооба мурунку ырчылардын ырлары угумдуу маанилуу жеткиликтуу ошол учун эл азыр да суйуп угат. Азыркы кээ бирки ырчыларда деле уккулуктуу ырлар бар четке кага албайм
+6
Baatirbek81
2021-03-12 20:17:11
Сыймык сизге үй бүлөөлүк бакыт каалайбыз
Ден соолукта болуңуз!
+4
Nursul
2021-03-12 20:21:53
Менин сыйлаган ырчым. Ден соолукта болуңуз.
+4
Haanykeim
2021-03-12 22:24:34
Атына заты жарашкан инсан..биз үй-бүлөөбүз менен угабыз ырларын.
+2
rysik79
2021-03-12 23:51:40
Элмирбек жазып берген дегенден уялган го. Сыймыка ырлардын көбүн Элмике жазып берчүсүн элдин көпчүлүгү билет.
+1
NURSAPAR
2021-03-13 07:16:09
Ырлары абдан жакшы жазылган. Уккулуктуу маанилүү ырлар. Сыймык эң мыкты обончу аткаруучу. Азамат иштериңе ийгилик, үй бүлөөлүк бакыт каалайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан