Ысык-Көлдө күйөөсү аялын сабап, 3 баласы менен үйүнөн сыртка чыгарып койгон. Иш сотко өттү

Ысык-Көлдө аялын сабап салган күйөөгө сот чечим чыгарат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Анда иш боюнча өндүрүш аяктап, облустук прокуратура тарабынан таанышылгандан кийин, соттун кароосуна жиберилген.

Билдирүүгө ылайык, 20-февраль күнү Ак-Суу РИИБине Тегизчил айылынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, жолдошу уруп-сабап, кичинекей балдары менен үйдөн чыгарып салгандыгы үчүн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

"Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кайрылган келин денесинен кандай жаракат алгандыгын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында аялга зыян келтирилгендиги белгилүү болгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө арыз ээси 2011-жылы турмушка чыгып, айылдын чет жакасында орун алган кашарда жашап, мал чарбачылык менен алектенип келген. Жолдошу экөөнүн 3 баласы бар. Жабырлануучунун айтымында жолдошу ага кол көтөрчү. Көбүнчө кызганычтан жана негизсиз уруш-талаштын айынан алар бир нече жолу ажырашып кайра элдешкен.

Ушул жылдын 19-февралында жубайлардын ортосунда кызганычтан улам кайрадан үй-бүлөлүк чыр-чатак чыгып, келинди күйөөсү сабап 3 баласы менен үйүнөн чыгарып койгон. Ушундан улам келин милицияга арыз менен кайрылган жана милиция келинди «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борборуна жайгаштырышкан", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dkrf
2021-03-12 17:17:54
Кыздар биздин коомдо дайыма кандайдыр бир кысымдын астында жашашат. Буга жол берилбеш керек.
-1
nazira...
2021-03-12 19:40:43
dkrf,ошон үчүн чачын жайып, боенуп көчөдө жүрүш керек ээ
0
Baatirbek81
2021-03-12 20:26:37
Бакбаса мал өлөт,карабаса катын кетет деген макал бар беле?
Уруш ошондой нерселерден келип чыгатда!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан