Биз социалдык тармакта

Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнө 20 "Тез жардам" унаасын белекке берди

Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев бүгүн, 12-мартта Ташкент шаарындагы "Яшнабад" инновациялык технопаркына бирге барышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 "Тез жардам" унаасы белек катары берилди.
"Бул технопарк жогорку технологиялуу, атаанташтыкка жөндөмдүү, экспортко ылайыкташкан жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү түзүү милдеттерин иш жүзүнө ашырууга багытталган өнөр жай ишканалар тобун камтыйт.

Мамлекет башчылары технопарктын көргөзмө залына барышып, электромобилде өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияларды көрүп чыгышты.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев технопарктагы ишканалардын жетекчилери менен баарлашты. Алар мамлекет башчыларына гидроэнергетика, геологиялык чалгындоо, машина куруу жана башкалар жаатындагы инновациялык иштелмелер жана айыл чарба, текстиль өнүмдөрү тууралуу айтып беришти.

Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 "Тез жардам" унаасы белек катары берилди.
"Президент Садыр Жапаров "Яшнабад" технопаркынын ишинин маанисине токтолуп, анын мындан ары кеңейип, өнүгө беришин каалады", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zhaynak
2021-03-12 16:48:09
Аллах ыраазы болсун. Канча сооп болсо Озбек калкынын буткул элине тийсин. Буюрса биз да башка олколорго жардам берген, бакуубат олкого айланалы.
+8
Nursul
2021-03-12 17:14:24
Бир жагынан караганда жакшы бирок эртең ушундай биртке белек үчүн сөзгө сынып калабыз да Өзбекстандын суусун электр энергиясын Кыргызстан камсыз кылат ошолорду да болушунча арзандат десе керек анан такталбаган чек араларды да бизге эле берип койгула деген чыгар. Бул менин жеке оюм дагы мени өчүрүп салбагыла админдер менден кетсе кечирим сурайм.
+4
nazira...
2021-03-12 19:32:04
Nursul,өтүп аткан контробандачы, аны да Ташиев кармап пачактап атат го. Ошон үчүн Жараровду укмуш кылып, армия менен тосуп алды го өзбекстан.
+1
bond02
2021-03-12 17:33:32
Бул нерсеге кубанбай наоборот намыстанышыбыз керек.
+16
Omyke
2021-03-12 19:28:36
Мен уялам деген депутаттар уялса болот эле
+13
Daniel8885
2021-03-12 19:30:23
Качанга чейин жардамга муктаж болуп жашайбыз?????
+7
bond0202
2021-03-12 22:07:15
Жон эле бербей калдыго.артында бир планы болсо керек
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан