Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды

Бишкек шаарында унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, кечээ, 11-мартта милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 15:50 чамасында Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Honda CR-V үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер унаанын документтерин текшерүү учурунда, 1983-жылы туулган айдоочу өзүнүн унаасына жасалма номер тагып жүргөндүгү аныкталган.

Ал эми бул факты боюнча унаа айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилгенин кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан