Бишкек шаарында 35 жаштагы Амантур Кочорбаев аттуу жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал кечээ, 11-мартта Чүй көчөсү 164А дарегинде жайгашкан жумушунан чыгып кеткен бойдон дайыны жок.
Кийген кийими: Үстүндө кара түстөгү күрмө, көк жынсы шым, бутуна спорттук бут кийим кийип жүргөн.
Өзгөчө белгилери: Бою 185 сантиметр, чачы кара, сакалы бар.
Эгерде кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн же билген болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюңуздарды суранат: 0555230490, 0755074720.