Чүйдө тоноого шектелип 16 жаштагы балдар кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда тоноочулукка шектелип өспүрүм балдар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-мартта болжол менен түнкү саат 01:30 чамасында Аламүдүн районунун Маевка айылындагы көчөлөрдүн биринен 16-18 жаш курактагы үч бейтааныш балдар 15 жана 16 жаштагы балдарга күч колдонуп, телефондорун жана акча каражаттарын тартып алып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "тоноо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Издөө иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 16 жаштагы балдар кармалган. Териштирүү учурунда кармалган балдардын дагы эки кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан