"Апакем" ыры менен таанылган ырчы Ишен Назаров 7-мартта экинчи ирет ата макамына ээ болуп, кыздуу болгон. Ал бүгүн достору менен биргеликте кызын жана келинчегин төрөт үйүнөн чыгарды. Кубанычы койнуна батпаган ырчы мырза кызына ысымды улуу кызы койгондугун айтат.
"Аябай толкунданып турам. Сезимдеримди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Кызыма ысымды төрөлө электе эле эжеси Даяна деп айтып жүргөн. Биз дагы ошого көнүп калыптырбыз. Төрөлгөндө дароо эле Даяна деген ысымды ыйгардык", - дейт Назаров.