Биз социалдык тармакта

УКМКда кызматтык-аскердик тартипти чыңдоо боюнча офицердик жыйналыш өттү

Бүгүн, 12-мартта УКМКда кызматтык-аскердик тартипти чыңдоо боюнча офицердик жыйналыш өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга УКМКнын жетекчилиги, борбордук аппаратынын башкармалыгынын жетекчилери жана аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары катышкан.

"Жыйналыштын жүрүшүндө УКМКнын бөлүмдөрүндө моралдык-психологиялык жагдай, кызматтык, аскердик жана аткаруучулук тартипти өркүндөтүү, чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле жыйналышта эл аралык террорчулукка жана диний экстремизмге, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан