Биз социалдык тармакта

Брюс Линин трюктарын ашыра аткарып, дүйнөгө рекорд койгон Нурмухаммад (видео)

Белгилүү актёр Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй туурап, көпчүлүктү таң калтырган жалал-абаддык 10 жаштагы Нурмухаммад Ташмаматов менен жакындан тааныштык.

Ал чыгыш таймаш спортунун жаш чебери. Басса, турса көнүгүүлөрдү жасап, шамдагайлыгын арттырып, алты жашынан бери Кыргыз өлкөсүнүн туусун желбиретип келе жатат.

Ал 2017-жылы Москванын Биринчи каналындагы Максим Галкиндин “Лучше всех” теледолбооруна катышып, Брюс Линин ыкмасын шамдагайлык менен аткарып, көпчүлүктүн сыйына татыган. Нурмухаммад 6 жашында дүйнөгө өзүн тааныткан кичинекей жаран болуп саналат.

Өлкөбүздүн атын алыска тааныткан кийинки сапары - 2018-жылы 7 жашка чыкканда Украина өлкөсүнүн “Круче всех” телепрограммасына чакырылып, “Игра смерти” аталышындагы Брюс Линин киносундагы эпизодду толугу менен аткарып берген. Анда ал экинчи жолу Кыргыз өлкөсүн дүйнөгө таанытып, “Круче всех” атына татып келген.

2018-жылы Орусиянын белгилүү кино актёру Сергей Безруковдун чакыруусу менен “Синяя птица” программасына катышкан. Ошол эле жылы жаңы жылдык көрсөтүүгө Максим Галкин атайын конок катары чакырган.

2020-жылдын ноябрь айында Нурмухаммад нунчак менен теннис ойноп, эл аралык рекорддор “Интеррекорд” китебине жана "Гиннесстин рекорддор китебине" катталды. Окумуштуулардын айтымында, бул кыймылды аткарыш физикалык жактан мүмкүн эмес. Демек, кичинекей мекендешибиз Жараткандын өкүмү менен физиканын мыйзамын бузуп, буга чейин Брюс Ли кинолордо монтаж менен аткарган ыкмаларды ал эч бир монтажы жок аткарып жатат.

Ошол эле жылдын аягында каарманыбыз Орусияда “Я почти знаменит” аталышындагы программасына катышып, рекордун кайра жаңылаган. 49 жолу теннис тобун нунчак менен урган соң аны “Интеррекорддор" китебинин өкүлү Влад Копылов дүйнөлүк рекордго каттаган.

Германия, Англия, Дубайга 2020-жылы дагы чакыруулар түшүп, бирок пандемиянын айынан бара албай калган.

Брюс Ли, Чак Норис, Жеки Чан аттуу дүйнө жүзүнө атагы чыккан инсандардын изи менен келе жаткан Нурмухаммад Ташмаматов тууралуу толугураак репортаждан көрүңүз.

Брюс Линин трюктарын ашыра аткарып дүйнөнү таңданткан Нурмухаммад
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azat-123
2021-03-12 23:00:55
Басып келе жаткан ийгиликтерин окуп бүткөнгө чейин сүйүнүчтөн жүрөк лукулдап кетти, Азаматсың Мухаммад, өлкөбүздү алыска таанытып жүргөн боорлорубуз, биз силер менен ар дайым баш көтөрүп сыймыктанабыз
+7
aizbek
2021-03-13 01:08:40
Молодец,коз тийбесин,коп ийгиликтерин болсун
+4
Haanykeim
2021-03-13 12:53:46
Ар дайым ден-соолукта бол!Кудайым колдосун..
+3
alik83
2021-03-14 08:39:56
Азаматсың иним ар дайым ийгиликтерди жаратып. Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жүрө бер. Өмүрүң узун болсун. Аллахым эки дүйнө бактылуулукту насип этсин. Омиин омиин омиин.
+1
amin1986
2021-03-14 14:58:28
Назира эженин баласыго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан