Биз социалдык тармакта

Ак-Турпак айылындагы мунай бар делген аймакты жумушчу топ көрүп келди (сүрөт)

Кечээ, 11-мартта Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы Чоң-Гара-Галча жеринде атайын идиштерде мунай заттары сакталып турат. Аталган аймакта нефти бар деген видео маалымат социалдык тармактарда тарап, кызуу талкууга түшкөн.
Аталган видео маалыматты Ак-Турпак айылынын Абдыманнап Турсуматов аттуу тургуну тартып чыгарган.

Бүгүн, 12-мартта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тийиштүү адистер менен бирге аталган аймакка барышканын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Идиштердеги суюктук мындан 2 жыл мурда жер астынан тартып алынган. Бирок суюктуктун басымдуу бөлүгү суу экендиги жана анын бетиндеги 5 пайызы гана кара май экени аныкталды.
Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет тарабынан аймакта мунай кенин аныктоо максатында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети ата мекендик “Глав нефти” компаниясына лицензия берип, аталган аймакта нефтинин запасын аныктоо боюнча изилдөөлөр жүргөн.
Аталган компания Кытай мамлекетинен бул тармакта тажрыйбалуу адистерди алып келип иштеткен. Бирок изилдөөлөр аягына чыккан эмес.
2019-жылы компания ишин токтоткон. Анткени буга чейин аталган аймакта Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда делимитация жумуштары аяктаганы менен, Союз мезгилинде Өзбекстан Республикасына таандык «Фергана Нефти» ишканасы 1950-жылдан 2011-жылдын 21-майына чейин ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендиктен, объекттер Кыргыз өлкөсүнүн карамагына өтө электигине байланыштуу бир катар маселелер жаралып, ата мекендик нефти изилдөөчү компания ишмердүүлүгүн токтоткон.
Объекттерди Кыргыз өлкөсүнүн карамагына өткөрүп алуу боюнча чек араларды делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссияга бир канча жолу маселе коюлуп келет.
Бул боюнча туура эмес маалымат тараткан Абдыманнап Турсуматов баштаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдиребиз", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaraisyn
2021-03-12 20:29:29
Бул аймак дагы өзбекистанга таандыкпы эми, бизге жер калабы өзү жакынкы жылдары. Делимитацияга келгенде эле кошуналар тараптын пайдасына чечилет өзү жерлер.
+6
Muzik
2021-03-14 08:45:50
Зар таш деген айылдан газ чыгат,кулач жетпеген труба менен Озбекстанга отот,чыккан жери Кыргызстан,буга ким эмне дейт?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан