Канадага виза алып берем деп алдаганга шектүү адам кармалды

Бишкек шаарында Канадага виза алып берем деп алдамчылык кылганга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-мартта Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Анда А. аттуу жаран 2019-жылдын июнь айында арыз ээсинин ишенимине кирип, 3 айдын ичинде Канада мамлекетине виза алып берем деп убада кылып, 12 миң 500 долларын алып, убадасын аткарбай качып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү адам жашынуу үчүн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына кеткени белгилүү болгон. Тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү адам кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция бул адамдын кылмыштуу аракетинен жапа чеккен жарандар болсо, төмөнкү номерлерге байланышса болорун кошумчалады. 0 (550) 102-599, 0 (550) 102-223 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан