«Мээрим пайгамбары Мухаммед» (САВ) аттуу долбоордун алкагында, мээрим пайгамбары Мухаммедди (САВ) даңазалоо максатында жарыяланган видео роликтердин жана макалалардын сынагы соңуна чыкты.
Сынакты жыйынтыктоо аземи 10-март күнү жалпы коомчулуктун катышуусунда Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы улуттук филармонияда болуп өттү.
Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Иш-чаранын жыйынтыгына жараша мыктылардын мыктысы аныкталып, тийиштүү белектер тапшырылган.
Салтанаттуу кечеге кыргыз элинин белгилүү дин аалымдары, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев жана көптөгөн китептердин автору, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев катышып, эки дүйнөгө пайдалуу болгон баалуу сөздөрүн айтышкан.