Биз социалдык тармакта

Орусия Ош шаарына бир нече мектеп курат. Аталган өлкөдөн келген делегация имарат сала турган жер тилкелери менен таанышты (сүрөт, видео)

12-мартта Орусиянын билим берүү министринин биринчи орун басары Дмитрий Глушко баштаган Орусия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин делегациясы Ош шаарына келди.
Орусия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин делегациясы шаардагы билим берүү мекемелерин куруу үчүн сунушталган жайлар менен таанышып, орус тили мугалимдери менен жолугушуу өткөргөн.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, делегация өкүлдөрү мэрия сунуш кылган жер тилкелерине канааттанган.


Белгилей кетсек, Орусия Федерациясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасында билим берүү мекемелерин куруу маселеси кийинки аптада Орусиянын билим берүү министри менен Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин жолугушуусунда кеңири каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nursiyanur
2021-03-13 09:12:20
ВЛКСды бутурушсо жакшы болмок
+6
OMURBEK.
2021-03-13 09:35:07
Жакшы жанылык
+7
Mister-XXX
2021-03-13 13:06:06
Орусия озу көзөмөл кылбаса,биздикилер эптемей эле кылып,ашкан акчасын жеп салат.
+6
samsungc3
2021-03-13 17:35:53
Mister-XXX,туптуура
+1
raykray
2021-03-13 14:03:12
Мына Арабдарды кудай туткандар! Мечиттен башка жардамы жок! Сел келседа жер титироо болсода! Самолет куласада гум.жардам акчалай жардам Россия Озбекстан берип кележатат. Россия канча карызды кечти!
-6
Nursul
2021-03-13 16:09:07
raykray, меен ошого жетсе не кылалы эми,
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан