Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жана Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунун жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Азия чөлкөмүндөгү "Жуманын мыкты оюнчусу" наамына ат салышууда. Мындай маалымат Азия футбол конфедерациясынын (АФК) сайтына жарыяланды.
"Кыргыз футболунун чоң үмүтү, Казакстандын Суперкубогунун жарым финалындагы акыркы мүнөттөрдү сенсациялаштырды. Алыкуловдун укмуштуудай голу анын Алматыдагы экинчи сезонунда көңүл бурууга арзыйт", - деп жазылат АФКнын сайтында.
3-мартта өткөн футбол боюнча Казакстан Суперкубогунун жарым финалында "Кайрат" клубу менен "Тобол" клубу кез келип, анда Алыкулов акыркы мүнөттө укмуштуудай гол жараткан.
Гүлжигит Алыкуловго төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп, добуш берсеңиз болот.