Бишкек шаарында 11-марттан бери дайынсыз болуп жаткан 35 жаштагы Амантур Кочорбаев аттуу жаран табылды. Маалыматты Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Амантур Кочорбаев бүгүн, 13-мартка караган түнү саат 02:00 чамасында Аламүдүн районунун аймагынан табылган. Анын ден соолугу жайында. Учурда милиция кызматкерлери иштин бардык жагдайларын териштирип жатышат.
Амантур Кочорбаев 11-март күнү Чүй көчөсү 164А дарегинде жайгашкан жумушунан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.