"Тыныбекова, Жуманазарова...". Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда лицензиялык мелдештерге даярданып жатат (тизме)

Азия чемпиондугуна жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, окуу-машыгуу жыйын 10-мартта старт алган жана 19-мартка чейин уланат.

Окуу-машыгуу жыйынга катышкан балбан кыздардын тизмеси: 1. Тыныбекова Айсулуу, 62 килограмм;
2. Медет кызы Айпери, 76 килограмм
3. Жуманазарова Мээрим, 68 килограмм;
4. Анаркулова Нураида, 57 килограмм;
5. Марсбек кызы Назира, 57 килограмм;
6. Билимбек кызы Калмира, 57 килограмм;
7. Нурдин кызы Бермет, 57 килограмм;
8. Сазанова Дильноза, 62 килограмм;
9. Нурланбек кызы Жаркынай, 59 килограмм ;
10. Мирлан кызы Назик, 50 килограмм;
11. Айданек Мелисбек кызы, 53 килограмм;
12. Жуманазарова Сезим, 59 килограмм;
13. Кыбалбекова Таңчолпон, 59 килограмм;
10. Изабеков Нурбек, башкы машыктыруучу.

Окуу-машыгуу жыйын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга болгон окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык өткөрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан