Бишкектин 6-кичи районундагы футбол аянтчасынын ордуна курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулуш иши токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 6-кичи райондун жашоочулары менен вице-мэр Азамат Сагындык уулу жолугушкан.
"Талкуу учурунда вице-мэр маселени мыйзамга ылайык чечүү керектигин белгиледи. Жыйынтыгында вице-мэр тиешелүү шаардык кызматтарга материалдарды деталдуу текшерип чыгууну тапшырды", - деп жазылат билдирүүдө.