Бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан курал-жарак жана ок-дары сакталган кампа табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кампадан "Ф-1" кол гранатасы, 2 жылмакай көзөнөктүү мылтык, ар кандай калибрдеги 40 ок жана бычак табылган.
"Бул факты боюнча сотко чейинки процесстин материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси ("Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп жазылат билдирүүдө.
Алынган курал-жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлгөн.
Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.