Кечээ, 13-мартта Ош шаарына "Тез жардам" унаасы түрүндөгү Өзбекстан берген гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
"Гуманитардык жардамды Ош облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев кабыл алышты. Алар көрсөтүлгөн жардам үчүн өзбек тарапка ыраазычылыктарын билдиришти", - деп жазылат билдирүүдө.
Жакынкы аралыкта "Тез жардам" унаалары саламаттыкты сактоо уюмдарынын арасында бөлүштүрүлөт.
Бул жардамды президент Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик иш сапары учурунда өзбек тарап көрсөткөн.