Антон Землянухин "Алга" клубуна өттү

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын чабуулчусу, белгилүү футболчу Антон Землянухин бишкектик "Алга" футболдук клубуна өттү. Мындай маалымат аталган футболдук клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Өткөн сезонду Антон Землянухин "Дордой" клубунда өткөрүп, өлкө чемпиону аталган. Ал эми 16-январда бишкектик "Дордой" футболдук клубу Антон Землянухин, Эдгар Бернхардт жана Федор Шереметов менен келишим бүткөндүгүн жарыялаган.

Антон Землянухин "Дордой" клубунда жалпы 23 оюнга катышып, 5 гол киргизген. Ал эми "Ак шумкарлардын" катарында 32 жаштагы футболчу 29 беттешке катышып, 13 гол киргизүүгө жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан