Баткен облусунун Баткен районунан курал-жарактар жана ок-дарылар сакталган жер табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
"Жашырылган жерден мылтыктын 5,45 жана 7,62 миллиметр калибрдеги 37 даана ок, ошондой эле таңгакталган белгисиз заттар, жалпы салмагы 250 граммдан ашык марихуана спецификалык жыты бар заттар табылып алынды", - деп билдиришти УКМКдан.
Бул материалдар кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.
Табылып алынган заттар тийиштүү экспертизага жиберилди.
Азыркы учурда УКМК бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатат.