Быйылкы Орозо айы болжолдуу 13-14-апрелде башталышы мүмкүн. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Муфтияттан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бул айтылган болжолдуу күндөр айдын жаңырышына карап өзгөрүшү мүмкүн. Орозо айынын башталышынын так күнү апрель айынын башында белгилүү болот.
Эскерте кетсек, былтыр Орозо айы 24-апрелде башталган.