Биз социалдык тармакта

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында митинг болуп өттү

Бүгүн, 14-мартта Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында мамлекеттик эмес уюмдарга каршы митинг болуп өттү. Митингдеги видео жана сүрөттөр социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, митингге болжол менен 30дай адам катышкан. Алар өкмөттүк эмес уюмдар менен байланышкан маселелердин чечилишин жана эл аралык коммерциялык эмес "Эркиндик Радио" телерадиоберүү уюмунун кыргыз кызматын жабылышын талап кылышкан.

Митингге чыккандар колдоруна желек жана плакаттарды көтөрүп жүрүшкөн.

Мындан тышкары, аянтта "мыйзамдуулук үчүн" тынчтык жүрүшү өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kuban-1207
2021-03-14 15:28:02
Кыргызстандын жашоосу митинг менен өмүрү өтөт го
0
Chungyz
2021-03-14 15:32:33
Митинг туризм дегенди киргизет окшойпуз хотябы олкого акча жактан пайда болуп турат
+5
Simels
2021-03-14 16:04:34
Бекерпоз, саткындар! Ошол 2 миң сомго сатылып чыккандан көрө дем алышта жакындарың, ата-энеңер менен бирге болсоңор ошол эң падалуу болмок!
+8
jigit.paren
2021-03-14 16:32:08
Митинг министрлиги деп түзүү керек болуп калды окшойт
+4
patriot.kg94
2021-03-14 19:21:44
Митинг окуу жайын ача турган болуп калды окшойт Кыргызстан
+5
AdylbekB84
2021-03-14 20:11:35
Азаттык менен Би-бисини жапса Кыргызстандагы былыктарды КТР менен Элтр айтабы элге, кайсы мээси иштебеген көтөрүп жатат бул маселени.
+1
Tursunbaev1978
2021-03-14 21:23:23
AdylbekB84,Азаттык менен Би биси деле туурасын айтпайт,американын политикасын жүргүзөт алар,өзүң дагы мээңи иштет
+2
TIMON_BERKOWITZ
2021-03-14 22:12:51
Ала Тоо аянтында митинг өткөргөнгө болбойт деди элего, бийликке жаккан митингдерге тыюу жокпу?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан