"Аялы, баласы үйдө болчу". Футболчу Анхель Ди Мариянын үйү оюн учурунда тонолду. Ал көзүнө жаш алып алмашууга кетти

Кечээ, 14-мартта футбол боюнча Франция чемпиондугунун алкагында "ПСЖ" командасы өз үйүндө "Нант" футболдук клубун кабыл алды. Оюн учурунда "ПСЖ" клубунун белгилүү чабуулчусу Анхель Ди Мариянын үйү тонолгонун чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ди Мария бул оюнда негизги курамда талаага чыккан. Ошол учурда "ПСЖ" командасынын спорттук директору телефон аркылуу сүйлөшүп, андан кийин башкы машыктыруучу Маурисио Почеттинону чакырган. Кыска сүйлөшүүдөн кийин башкы машыктыруучу Ди Марияны дароо алмаштырган жана Ди Мария көзүнө жаш алып стадионду таштап кетти.

Тоноо учурунда үйдө футболчунун аялы, балдары бар экени белгилүү болду.

Оюн 1:2 эсебинде "Нант" клубунун жеңиши менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан